Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Өзгөндө кооптуу аймактагы 83 үй-бүлө жер алып, бирок көчпөй жатышат

Turmush -  Өзгөн районунда кооптуу аймакта жашаган 83 үй-бүлө жер тилке алганына карабай көчпөй жатышат. Мындан улам Өзгөн райондук администрациясы аларды көчүрүү боюнча топтолгон материалдарды райондук сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган райондун акими Олжобай Осмоналиев билдирди.

«Жер көчкүдөн жабыркаган жана кооптуу аймакта жашаган 1039 үй-бүлө көчүшү керек эле. Учурда 83 үй-бүлө кооптуу аймакта жашаганына карабай көчпөй жатышат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок алар көчкүсү келбегендиктен акыры сотко кайрылдык.

Буга чейин Ничке-Сай айылындагы жашоочуларга Прогресс айылынан жер берилген эле. Бирок жергиликтүү тургундардын айрымдары ал жерлерин сатып, кайрадан жер талап кылган учурлар болду», - деди О.Осмоналиев.

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери:

Коопсуздукту сактоо аракеттери өзгөчө кырдаал учурунда адамдардын өмүрү кыйылганда катуу көзөмөлгө алына баштаган. Бирок айрымдары азыркыга чейин кайдыгер мамиле кылып келишет.

Өзгөн районундагы Аюу айылында 2017-жылы 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калган. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. 

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1473
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×