Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

10 адамдын өмүрүн алган кырсык: Каза болгон эки бир туугандын бирөөсү Самарадан унаа айдап келмек (видео, фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда каза болгон 10 адамдын арасында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу Фахриддин Абдувалиев жана анын агасы Хусниддин Абдувалиев да бар. Фахриддин Абдувалиевдин артында 4 уулу калса, ал эми Хусниддин Абдувалиевдин артында 3 баласы калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ф.Абдувалиевдин атасы билдирди.

imgonline-com-ua-2to1-PKpwc2yQOO

Анын айтымында, Фахриддин көп жылдан бери Самара шаарына каттап, эл ташып иштечү.

«Уулум таксист болуп иштеп жүрчү. Артында 4 баласы калды. Эң кичүүсү 6 айлык, ал эми улуу баласы 2-класстын окуучусу. Ал эми агамдын баласы Хусниддин Самара шаарынан унаа алып, аны бул жерге айдап келем деп жаткан. Анын дагы артында 3 баласы калды.

Айдоочулук күбөлүктү берип жатканда акчага сатпастан, билим алган айдоочуга берүүнү тиешелүү кызматкерлерден суранат элем. Жол эрежесин билбегендиктен ушундай кырсыктар болуп жатат», - деди ал.

Каза болгон 10 адамдын арасында Хасанбой Адилбеков дагы бар. Ал жүргүнчүлөрдүн бири болгон. Анын артында 3 баласы калды. Х.Адилбеков үй-бүлөсүн багуу үчүн Россияга иштегени бара жаткан.

Кошунасы Озода Рахманалиеванын айтымында, Хасанбой эч кимге жамандыгы жок адам эле.

«Хасанбой өтө тартиптүү бала эле. Достору дагы жакшы адамдар болчу. Турмуш тиричилигине байланыштуу Россияга иштеп келем деп бара жаткан. Мындай оор күндү эч кимдин башына салбасын. Мен Таш-Көмүрдүн жолун көрүп келдим. Жолду мамлекет оңдоп койсо болмок», - деди О.Рахманалиева.

Каза болгондордун жакындарына көнүл айтканы Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдеттин аткаруучусу Рахманжон Атажанов барышты.

Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Рахманжан Атажановдун айтымында, каза болгон 10 жарандын ичинен 6 жаран Өзгөн шаарынын тургуну болгон.

«Кечээ эле каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Эң акыркы сөөктү кечки саат 21:00дө акыркы сапарга узаттык. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүүнү пландап жатабыз», - деди Р. Атажанов.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, 6-ноябрга караган түнү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Бул кырсыкта 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
- 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
- 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1977-жылы туулган Шабданов Куштарбек Өзбекович, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;
- 1994 жылы туулган Аширова Барнохан Жатамжановна, Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну;
- 1989-жылы туулган Разакулов Акмольжан Махмуджанович, Өзгөн шаарынын тургуну;
- 1995-жылы туулган Расулжан кызы Наврузхан, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович;
- 2016-жылдын 1-июнунда туулган Мамадалиев Абубакир Шафкатович. Ал Расулжон кызы Наврузхондун уулу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8729
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×