Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Өзгөн шаарында эки жеңил унаа кагышты

Turmush -  Өзгөн шаарында 2 жеңил унаа кагышты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 11:10 чамасында Ленин көчөсүндө «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру D37-81АА) унаа менен «Жигули» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру О03-98Р) кагышкан. ӨКМдин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге барышты. Жол кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×