Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.11.2017 16:08

Бишкек—Ош жолунда 10 адам каза болгон жыл кырсык: Бүгүн бир тууган 2 жигит жерге берилет

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 457-чакырымында жол кырсыктан каза болгон 10 адамдын сөөктөрү үйлөрүнө алынып келинди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-ноябрда 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Камалдинович менен 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалиновичтин сөөгү жерге берилет. Фахриддин менен Хусниддин бир туугандардын балдары. Фахриддин «Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу болгон.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы жол кырсыктан улам 10 адам каза болгондугун маалымдаган. Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Каза болгон адамдарды Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга алып кетишти. Ооруканага 2 адам оор абалда тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары келген. Алар каза болгон адамдардын денелерин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүшкөн, №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды ооруканага жеткиришип, кошумча куткаруучулар «Стэпвагон» унаасын жолдун четине чыгарышкан.

Каза болгондордун аты-жөнү:

- 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;

- 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну;

- 1977-жылы туулган Шабданов Куштарбек Өзбекович, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;

- 1994 жылы туулган Аширова Барнохан Жатамжановна, Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну;

- 1989-жылы туулган Разакулов Акмольжан Махмуджанович, Өзгөн шаарынын тургуну;

- 1995-жылы туулган Расулжан кызы Наврузхан, Өзгөн районунун тургуну;

- 1994-жылы туулган Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович;

- 2016-жылдын 1-июнунда туулган Мамадалиев Абубакр Шафкатович. Ал Расулжон кызы Наврузхондун уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×