Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.10.2017 09:24

Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Макаренко айылында 100 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган мал сарай толугу менен өрттөндү. Ошондой эле, 2 тонна эндей чөп жана 1 тонна жүгөрүнүн сабагы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.  

Баткен районунун Чоң-Гара айыл аймагында эки кабаттуу сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 96 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп, 180 түк беде жана 200 боо жүгөрү бакалы күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×