Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 29.09.2017 10:22

Фото - Бишкек—Ош жолундагы бир тилкеде 3 кырсык: 5 адам көз жумду жана 9 адам ооруканада

Turmush -  Өзгөн районунун аймагында акыркы суткада болгон жол кырсыктардын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылып, 9 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 28-сентябрда саат 10:53 чамасында Төрт-Көл айыл аймагындагы Ана-Кызыл айылында «ВАЗ 2199» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бишкек–Ош унаа жолунун 595-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жеринде каза болуп, 5 адам жабыркаган. Учурда жабырлануучулар райондук ооруканада дарыланып жатат.

Бүгүн, 29-сентябрга караган түнү саат 02:45 чамасында ушул эле айылда, тактап айтканда Бишкек–Ош унаа жолунун 595-чакырымында 2 унаа сүзүшүп, адам өмүрү кыйылды. «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру B 94-82 AҮ ) айдоочусу жолдо токтоп турган «Вольво» оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен кичи автобустун жүргүнчүсү каза болуп, айдоочу менен 1 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Мындан тышкары, ушул эле тилкеде саат 03:30 чамасында эки жеңил унаа кагышты. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, алардын бири окуя болгон жерде көз жумган.

Каза болгон жаран Лейлектеги Интернационал айылынын 1983-жылы туулган тургуну Б.Медербек экени аныкталды. Жабырлануучулар — Интернационал айылынын 1997-жылы туулган тургуну М.Белек, 1985-жылы туулган А.Кудайберди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×