Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.09.2017 11:57

Өзгөндө 2 унаа кагышып, 3 адам жабыркады

Turmush -  Өзгөн районунда эки унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар аркылуу маалым болгондой, анын кесепетинен 3 адам жабыркаган.

Кечээ, 24-сентябрда саат 12:00 чамасындагы кырсыктан жабыркагандар:

- 1987-жылы туулган А.А., Өзгөн шаарынын тургуну;

- 1986-жылы туулган А.К., Өзгөн шаарынын тургуну;

- 1982-жылы туулган Н.Ж., Ош облусунун тургуну.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×