Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.08.2017 10:07

Бүгүн түнү өлкө аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында бүгүн, 21-августка караган түнү саат 01:51де жер титирөө катталды.

Сейсмология институту жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга жеткенин билдирди. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ор-Казган айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Канжыга айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Тосой айылынан 12 чакырым түндүктө катталган. Жер титирөөнүн күчү Ор-Казган, Канжыга, Ак-Терек, Тосой, Жийде айылдарында 4,5 баллга, Салам-Алик, Зергер, Ничке-Сай айылдарында 4 баллга, Жалал-Абад шаарында 3 баллга жетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок экенин маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×