При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Өзгөндө патрулчу кызматтык унаасы менен сүзүп кеткен окуучу кыздын абалы жакшы, - ОИИБ

Turmush -  Өзгөн районунда патрулчу кызматтык унаасы менен сүзүп кеткен окуучу кыздын абалы жакшы. Ага ооруканадан керектүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя 31-майда саат 20:00 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун Кара-Суудагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-чакырымында болгон. Чыгыштан батышка көздөй бара жаткан Өзгөн РИИБдин патрулчусу кокустан алдынан чыга калган окуучу кызды сүзүп алган.

«Жол боюнда ойноп жүргөн балдар бири-бирин кубалашып жатып, алардын бири жол боюна кокустан чыга калган. Жабырлануучуну айдоочу ошол замат Ош облустук ооруканасына жеткирген. Кыз оор жаракат алган жок. Анын абалы жакшы болгондуктан, дарыгерлер ооруканадан биричи жардам көрсөтүп, үйүнө чыгарылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×