При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Фото - Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган айылдагы балдар үчүн 3 парктагы аттракциондор акысыз иштеди

Turmush -  Өзгөн шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарага жер көчкү болгон айылдардан 400дөн ашуун бала катышып, 3 парктагы аттракциондор акысыз кызмат көрсөттү. Мындаш тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жаңы көз жарган 10 энеге 3 миң сомдон сыйлык берилди.

Мэриянын билдирүүсү боюнча, майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Н.Каримов, Өзгөн районунун акими О.Осмоналиев, Өзгөн шаарынын вице-мэрлери катышты. Майрамдын алкагында шаардагы мектептерден, бала бакчалардан чакырылган 325 балага жана райондук мектептердин 600 окуучусуна шаар мэриясы тарабынан белектер тапшырылды. Ошондой эле, жер көчкү 24 адамды басып калган Аюу айылынан 203 бала, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнөн 206 бала белектерге ээ болушту. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн белек 300 балага тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 388
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×