При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Фото - Жер титирөөдөн жарака кеткен Өзгөндөгү маданият үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

Turmush -  Кечээ, 25-майдагы катуу шамалдын кесепетинен Өзгөн райондук Аттокур Базарбаев атындагы маданият үйүнүн чатырынын 90%ы жараксыз абалга келди. Буга чейинки жер титирөөнүн кесепетинен имараттагы терезелер сынып, дубалдардан жарака кеткен.

Маданият үйдүн жетекчиси Айгүл Кудайбердиева аймактык кабарчыга билдиргендей, имараттын чатыры 2005-жылы ашар жолу менен жабылган.

«Мурун маданият үйүнүн чатыры жок болчу. 2005-жылы ашар жолу менен чатыры жабылган. Кечээки катуу шамал чатырдын 90%ын учуруп кетти. Буга чейинки жер титирөөнүн кесепетинен маданият үйүнүн дубалдарынан жарака кетип, жараксыз абалга келип калган», - деди А.Кудайбердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу