При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Кочкор-Ата айылындагы мектептин айланасына 20 жылдыктар тосмо орнотушту

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылындагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектебине тосмо куруп беришти. Бул тууралуу мектеп директору Таалай Көчөрбаев Turmush басылмасына билдирди.

«Мектеп 1988-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенден тартып айланасы толук тосулган эмес. Аянты чоң болгондуктан эски зымдар менен курчалып турган. Жыл сайын бүтүрүүчүлөр жолугушуу алдында мектепке зарыл буюмдарды алып берет», - деди ал.

Бул жылы аталган мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алды.

«Учкан уябызга аз болсо да салымыбызды кошолу деп, 4 бала тосмолорду орноттук. Биздин бул аракетибизди кийинки бүтүрүүчүлөр улантып кетсе деп тилек кылып жатабыз», - деди уюуштуруучу Азамат Батыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу