При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Фото - Кочкор-Ата айылынын тургундары өздөрү 15 чакырым жолду оңдоп, таза суу чыгарышты

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Кочкор-Ата айылынын тургундары өз демилгеси менен 15 чакырым жолду капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Бул жол жергиликтүүлөр үчүн 17 жылдан бери көйгөй болуп келген, деп билдирди айылдык кеңештин депутаты Улан Бапиев.

«Айылыбызды өнүктүрүү максатында атайын фонд ачканбыз. Ага өзүбүздүн чет өлкөдө иштеп жаткан айылдаштарыбыз салым кошуп келет. Мигранттарыбыздын жана айыл активисттеринин жардамы менен эле өз көйгөйлөрүбүздү чечип жатабыз. 3 чакырымдан таза суу тарттырып, кудуктарды оңдоп, ар бир үйгө суу кире тургандай шарттарды түздүк.

Элеттеги тургундар 200 сомдон тартып, 2 миң сомго чейин өз ыктыярлары менен каражат чогултушту. Биз бул демилгебизди башка айылдарга да сунуштайбыз. Өкмөт салып берсин, оңдоп берсин, куруп берсин деп отура бербей, өз алдынча аракеттенсе колдон келет», - деди ал.

Кочкор-Ата айылында жалпы 326 кожолук бар. Айылды өнүктүрүү максатында топтолгон каражат 100 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×