Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Космостогу сүрөт - 24 адамды жана ондогон үйлөрдү жер көчкү баскан Өзгөндүн айылдары

Turmush -  NASA агенттиги Өзгөн районунун жер көчкү баскан айылдарынын космостон тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

Салыштыруу үчүн ошол эле аймактардын көчкү жүргөнгө чейинки сүрөттөрү көрсөтүлгөн.

Өзгөндүн Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 2017-жылы 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калды. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду.

Көчкү алдында калган 16 адам:

- 1980-жылы туулган Юсупахунова Зилола Азизовна (жолдошу жана 4 баласы табылды);

- 1968-жылы туулган Коргонбаев Маматали Назирбаевич;

- 1930-жылы туулган Разабаев Хабибилла;

- 1939-жылы туулган Разабаева Арзи;

- 2000-жылы туулган Хабибиллаев Захит Шерниязович;

- 2000-жылы туулган Ибрагим уулу Дилшодбек;

- 1970-жылы туулган Разабаев Абдисалам Хабибиллаевич;

- 1975-жылы туулган Маманова Нигорахон Мамажановна (Россиянын жараны);

- 1967-жылы туулган Абдразакова Рахима Жороевна;

- 2013-жылы туулган Артыкбаева Хилола Фарезовна;

- 2003-жылы туулган Артыкбай уулу Ориф;

- 1988-жылы туулган Камчыев Фаруг Артыкбаевич;

- 1993-жылы туулган Шермамат кызы Хамдона;

- 2016-жылы туулган Артыкбаева Ситора Фаруховна;

- 1979-жылы туулган Разабаева Мехринса Хабибиллаевна;

- 2014-жылы туулган Каримов Мухамадали Абдымухтарович.

Көчкү алдынан табылып, акыркы сапарга узатылган жарандар:

1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна;

2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна;

3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич;

4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович;

5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович;

6) 2005-жылы туулган Адина Маманова;

7) 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаева;

8) 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.

Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосундагы жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды басып калды. Ошондой эле, айылдагы 1 ФАП, 1 мечит, 35 электр мамысы, мектеп жана айылдагы көрүстөн көчкү алдында калды.

Айылдагы жашоочулар көчкүгө чейин коопсуз аймактарга көчүп чыгышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7096
Көп окулду
×