Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Өзгөндөгү мугалимдер туризм боюнча күч сынашты (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Салам-Алик айылында мугалимдер арасында «Туристтик жерлерди таануу» мелдеши өттү. Бир жума бою өткөрүлгөн мелдешке Ош облусундагы бардык райондордон командалар катышкан.

Райондук туризм, край таануу жана экология бөлүмүнүн башчысы Орозгүл Сулайманованын айтымында, мелдеш туризмди өнүктүрүү, туризмдин техникаларын, окуучулардын туулган жер боюнча билимдерин бышыктоо, туристтик өлкөлөрдү таануу иштери боюнча тажрыйба алмашуу, мугалимдердин туристтик багыттагы жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу, облустагы мыкты туристтик командаларды аныктоо максатын көздөйт.

Мелдешке Өзгөн районунун акиминин орун басары Ибадат Мурзаибраимаова, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров катышты. Анын жүрүшүндө командалар туристтердин күнүмдүк жашоосу менен танышып, тоолордон, суулардан өтүү жолдорун көрсөтүп беришти.

Жыйынтыгында Араван районунун «Чил үстүн» командасы 1-орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Ал эми, 2- орунду Өзгөн районунун «Өзгөн нуру», 3-орунду Кара-Суу районунун «Жаңырык» командалары багындырып, Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жана облустук балдардын чыгармачылык борборунун дипломдору, ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1059
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×