При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Аюудагы жер көчкүдөн каза болгон мугалимдердин жакындарына жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүдөн каза болгон, Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Абдразакова Рахиманын жана аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Коргонбаев Маматалинин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, аларга куран окулду. Буга чейин да райондук билим берүү бөлүмү жана үч аймактын мектеп жетекчилеринин тобу тарабынан азык-түлүк менен гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 666
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу