При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

45 үйдү көчкү баскан Курбу-Таш айылында Шор-Суунун нугу ачылды (фото)

Turmush -  Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылындагы жер көчкү тосуп калган Шор-Суу суусу ачылды.

Айылдык кеңештин төрагасы Марат Сурановдун айтымында, жер көчкү сүрүлүп баштаганда алгач Шор-Сууну бөгөп калып, суу көп топтолгон. Учурда топтолгон суу агып чыгууда. Муну менен айылды суу аралап кетүү коркунучу жоюлду.

Кечээ, 11-майга карата Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосундагы жер көчкү 45 турак жайды басып калды. Айыл өкмөт башчысы Кутманбек Эралиевдин айтымында, айылдагы 1 ФАП, 1 мечит, 35 электр мамысы, мектеп жана айылдагы көрүстөн көчкү алдында калды. Жашоочулар буга чейин коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

30-апрелден бери жер көчкүнүн сүрүлүү процесси токтой элек аймакта жалпы 61 турак жай жана 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×