Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Өзгөндүн Курбу-Таш айылындагы 45 үй көчкү алдында калды

Turmush -  Бүгүн, 11-майга карата Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосундагы жер көчкү 45 турак жайды басып калды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманбек Эралиев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айылдагы 1 ФАП, 1 мечит, 35 электр мамысы, мектеп жана айылдагы көрүстөн көчкү алдында калды. 

Буга чейин ӨКМ социалдык объектилердеги материалдык баалуулуктар көчүрүлгөнүн билдирген.

30-апрелден бери жер көчкүнүн сүрүлүү процесси токтой элек аймакта жалпы 61 турак жай, 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4317
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×