При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Өзгөн менен Чоң-Алайдагы жаратылыш кырсыктардан жабыркагандарга жардам берүүчү эсеп ачылды

Turmush -  Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жана алардын жакындарына жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жардам көрсөтүү боюнча суроолор менен 0770 950 002 жана (0312) 54 79 01 номурлары аркылуу тиешелүү адистерден маалымат алууга болот.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Аюу айылында 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калды. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. 

3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

ӨКМдин кечээ, 10-майга карата билдирген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районунда жалпы 1022 турак жай текшерилди. Анын ичинен 8 үй урап түшкөн жана 537 турак жай авариялык абалда деп табылды. Учурда кооптуу абалдагы үйлөрдүн жашоочулары ӨКМ тарабынан тигилген чатырларда жашап жатат. 

Жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×