При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

АКИ-TV: Ош облусу Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдады (фото)

Turmush -  Ош облусунун аймагында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы чоң салтанат менен майрамдалды. Ош шаарында жана облустун борборлорунда уюштурулган «Өлбөс полк» жүрүшүнө согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жаштар жана окуучулар катышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, белектер таратылды.

Ош шаарынын борбордук аянтында шаардыктарды биринчи вице-пермьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктады. Чогулгандарга согуш мезгилиндеги оор күндөр сахналаштырылып көрсөтүлдү. Аскердик параддан кийин концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле, Өзгөн шаарынын борборунда Жеңиш майрамы белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Надирбек Каримов куттуктоо жолдоду.

Алгач согуш ардагерлеринин элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, согуштун жана ооруктун ардагерлерине шаардык жана райондук администрация уюштурган сый тамак берилди. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды.

Май айынын башындагы жер титирөөлөрдөн зыян тарткан Чоң-Алай районунда дагы Жеңиш майрамы белгиленди. Анын алкагында учурда райондо жашап жаткан ооруктун 15 ардагери сыйланды.

Майрамдык салтанатка Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты. Алгач согушта кайтпай калган жоокерлерди бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Андан кийин «Өлбөс полк» жүрүшү өтүп, майрамдык салтанат сахналаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.

Иш-чаранын алкагында тылда эмгектенгендерге, айылдагы аксакалдарга сый тамак тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×