При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Улуу Жеңишке 72 жыл: Өзгөндөгү жалгыз ардагер М.Усенко өспүрүм кезинде өлүктөрдү ташып, алардын арасына жашынып жан сактаган (фото)

Turmush -  Учурда Өзгөн шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери жашайт. 89 жаштагы ардагер Усенко Мелания Устиновна 1928-жылы төрөлгөн. Украин кызы кыргыз жергесин мекендеп, эки кыздуу болду. 

Алар жашаган Кайрагач квартал комитетинин төрагасы Х.Турдиев ардагердин үй-бүлөсү шаар боюнча үлгүлүү интернационал үй-бүлөлөрдүн бири экенин белгиледи. 

М.Усенко Украинанын Днепропетровск облусунда төрөлүп, ошол жакта өскөн. Үй-бүлөсүндө 5 кыздын эң улуусу болчу. Атасы Андрей Усенко Иванович дагы согушка катышкан. Ардагер учурда өспүрүм кезиндеги согуш күндөрүн көздөрүнө жаш алып эскерет.

«Ачарчылыкта жан сактоо үчүн жашаган күндөрдү өткөрдүк. Этиятсыздык менен кыймылдасаң ок тиет. Айла жоктон быша элек ашкабакты, жемиштерди кайнатып жегенбиз. Жегенге нан жок. Кудуктан суу алууга баргандарды немистер атып салгандыктан, түнү жөрмөлөп, бекинип, миң азап менен алчу элек.

Немистер тынч жашоочуларды кырып баштаганда биз алдыңкы линияда элек. Бомбалар атылып, шаар окко тутулганда жер төлөгө кирип жан сактаганбыз. Атам Андрей Усенко немистерге туткун болуп калган. Гуманитардык жардам келген унааны да фашисттер жок кылып, биз чачылып жаткан азык-түлүктөрдү алып кеткенбиз. Немистердин бизди кыйнап, күлгөндөрү эсимде. Согуштан кийинки 3 жыл аралыгында ачарчылык жалпыбызды кыйнады. Орус армиясы бизди куткаргандан кийин фронтко жардам бергени кеттик», - деп эскерди.

Мелания эне согуш маалында өспүрүм болгонуна карабай санитар болуп иштеп, жаракат алгандарга жардам берген.

«Өлүктөрдү ташыганбыз. Көп адамдарды жерге көмгөнү көтөрүп барчубуз. Бут астымда адамдардын ажырап кеткен денелери жатчу. Ошол өлүктөрдүн арасына кирип, жан сактаган күндөрүм да болгон. Согушту эстесем менин көргөнүмдү сөз менен жазуу мүмкүн эмес, өтө оор», - деди ардагер.

Согуш учурунда көп үй-бүлөлөрдү тыңчы жоокерлер куткарып калган.

«Бир күнү эки немис аскери бизге сүт жана жумуртка сурап кирди. Апам столго коюп: "Мына жегиле, ичиңерге кирип силерди өлтүрсүн. Өрттөнүп жок болгула", - деди. Апам капаланып, ал сөздөрдү немистер украин тилин билбейт деп сүйлөгөн. Ал эки солдат унчукпай жеп, чыгып кетишти. Биздин аймакты фашисттерден тазалап, биз куткарылгандан кийин ошол эки солдат кирип, орус тилинде: "Мына биз тирүүбүз, тамагыңыз бизди өрттөй алган жок", - деп, каткырып күлгөнү эсимде. Апам алар менен кошо күлдү. Көрсө, алар фашист солдаттардын кийимин кийип жүргөн тыңчылар экен.

Учурда шаарда ардагерлерден жалгыз калганым өкүнүчтүү. Бизге жакшы мамиле жасаганы үчүн мамлекетибизге ыраазымын», - деди ал.

Анын жолдошу да согушка катышкан. Аны менен 1949-жылы баш кошуп, кийин Кыргызстанга көчүп келип жашап калышкан. Учурда ардагер кызы Тохтоматова Любовь Адамовна (1956-жылы туулган) жана күйөө баласы, неберелери менен бирге жашайт. Л.Тохтоматова Өзгөн шаарында жашаган өзбек улутундагы Тохтоматов Жумабайга турмушка чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу