При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

30 үйдү жер көчкү баскан Курбу-Таш айылында соцобъектилердин баалуулуктары көчүрүлүп жатат (фото)

Turmush -  Жер көчкү басып калуу коркунучунан улам Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы бала бакчанын, мектептин имараттарындагы материалдык баалуулуктар көчүрүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 5-майда саат 14:30га карата айылдагы жалпы 30 турак үй жана 35 электр мамысы көчкү алдында калды. Ал үйлөрдөгү жашоочулар буга чейинки эскертүүлөрдөн кийин көчүрүлгөн. Ошондой эле, көчкү Шор-Суунун суусун бөгөп, суу топтолуп жатат.

30-апрелден бери жылып жаткан көчкү социалдык объектилерге да коркунуч жаратып, ӨКМдин 163 куткаруучусу, Башкы штабдан 100 жоокер бүгүн 1 мектептин, бала бакчанын, ФАПтын жана мечиттин курулуш материалдарын, буюмдарды коопсуз жайга чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Жалпак-Таш айылында 2-майда тартылган видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1272
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу