При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Фото - Аюудагы көчкүнүн алдында атасы менен калган 20 жаштагы Гүлайым эң алдыңкы студент болчу

Turmush -  Аюу айылындагы жер көчкү басып калган Гүлайым Назирбаева окуу жайда эң алдыңкы студенттердин бири болчу. Ал көчкүнүн кесепетинен атасы менен бир күндө каза болуп, денеси өз айылында жерге берилди.

Гүлайымдын тууганы Акбарали Коргонбаевдин айтымында, анын бир тууган иниси үй-бүлөсү менен, агасы кызы менен көчкү алдында калган.

«Иним Икрамжон Коргонбаев үй-бүлөсү менен, агам Маматали Коргонбаев кызы менен жер көчкүнүн алдында калышты. Агам менен келинимдин сөөгү табылбай калды. Калгандары табылып, өз айылыбызга койдук. Мен бир туугандарым менен бир күн мурун сүйлөшкөн элем. Алар көчкү басып калат деп ойлошкон эмес. Анткени алар оң тарапта жашачу. Көчкү сол жактагы үйлөргө гана кооптонуу жаратары айтылган», - деди ал.

Маматали Коргонбаевдин кызы Гүлайым Назирбаева Өзгөн шаарындагы технология жана билим берүү колледжинде бүтүрүүчү курстун студенти болчу. Ал көчкүдөн мурунку күнү атасынын жанына келген.

«Гүлайым башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча колледже билим алчу. Ал жума күнү атасына келген эле. 1-май күнү дагы эс алуу болот дегени эсемде. Эс алууга келип, көчкүдө калды», - деди А.Коргонбаев.

Гүлайымдын окуу жайдагы куратору Майрам Халбердиева оң колунан айрылганын, студентинин каза болгонуна ишене албай турганын айтты. Ал окуу жайда алдыңкы студент болгондуктан, Көчмөндөр оюнуна да катышып келген.

«Мен Гүлайымды кызымдай жакшы көрчүмүн. Биздин тайпада 3 улуттун өкүлдөрү окушат. Ал баары менен тил табышып, сөзүмдү айттырбай түшүнгөн кыз болчу, эч кимден жардамын аячу эмес. Быйыл бүтүрүүчү курс болгондуктан сынактарга катуу даярданып жаткан эле», - деди мугалим.

Окуу жайдын жамааты Гүлайымды жаркын элесине арнап эскерүү бурчун уюштурушту.

Кырчын жайлоосу, Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары:

Аюу айылында 2017-жылдын 29-апрелинде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес.

Көчкү баскан 24 адамдын ичинен буга чейин 8 адамдын денеси чыгарылган. Бүгүн, 4-майда Аюу айылында көчкү алдындагы 16 адамдын денесин издөө иштери токтотулду.

Көчкү алдында калган 16 адам:

- 1980-жылы туулган Юсупахунова Зилола Азизовна (жолдошу жана 4 баласы табылды);

- 1968-жылы туулган Коргонбаев Маматали Назирбаевич;

- 1930-жылы туулган Разабаев Хабибилла;

- 1939-жылы туулган Разабаева Арзи;

- 2000-жылы туулган Хабибиллаев Захит Шерниязович;

- 2000-жылы туулган Ибрагим уулу Дилшодбек;

- 1970-жылы туулган Разабаев Абдисалам Хабибиллаевич;

- 1975-жылы туулган Маманова Нигорахон Мамажановна (Россиянын жараны);

- 1967-жылы туулган Абдразакова Рахима Жороевна;

- 2013-жылы туулган Артыкбаева Хилола Фарезовна;

- 2003-жылы туулган Артыкбай уулу Ориф;

- 1988-жылы туулган Камчыев Фаруг Артыкбаевич;

- 1993-жылы туулган Шермамат кызы Хамдона;

- 2016-жылы туулган Артыкбаева Ситора Фаруховна;

- 1979-жылы туулган Разабаева Мехринса Хабибиллаевна;

- 2014-жылы туулган Каримов Мухамадали Абдымухтарович.

Көчкү алдынан табылып, акыркы сапарга узатылган жарандар:

1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна;

2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна;

3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич;

4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович;

5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович;

6) 2005-жылы туулган Адина Маманова;

7) 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаева;

8) 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.
Тема боюнча:

29.04.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкүнүн алдында калгандардын невроз жана инсульт менен жабыркаган жакындары ооруканага жаткырылды
29.04.2017Аюудагы жер көчкү: 24 адамды издөө-куткаруу иштери (фото, видео)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдындагы 24 адамды издөөгө 400 киши тартылды (фото)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: Мөндүргө байланыштуу көчкү алдындагы 24 адамды издөө иштери убактылуу токтотулду (фото)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: 2 жана 12 жаштагы кыздардын денеси табылды
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдында калган 17 жаштагы Захит менен Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу (фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү баскандардын эң улуусу — 84 жаштагы Х.Разабаев, анын жубайы жана небереси да каза болду (фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдындагы 21 адамга жаназа окулду
03.05.2017Бүгүн Аюудагы жер көчкүнүн алдынан эже-сиңдинин денеси табылды
03.05.2017Аюудагы көчкү алдынан сегизинчи адамдын денеси чыгарылды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу