При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Өзгөндүн Курбу–Таш айылындагы жер көчкү жылып, жалпы 27 үйдү басып калды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Курбу–Таш айылында жалпы 27 үй жер көчкүнүн алдында калды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Эралиев бүгүн, 4-майда билдирди.

Анын айтымында, жер көчкүнүн сүрүлүүсү токтой элек. Жергиликтүү тургундар коопсуз жайга жайгаштырылган.

«Жалпы 61 чатыр тигилди, электр жарыгы бар. Жалпак-Таш—Куршаб жолу жабык болгондуктан, айланма жол менен каттап жатышат. Учурда бейөкмөт уюмдар тарабынан жергиликтүү тургундар азык-түлүктөр менен камсыз болуп жатышат. Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан 15 кап ун берилген. Тамак-аштан кыйынчылык жаралган жок», - деди К.Эралиев.

Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда 30-апрелде жылып баштаган жер көчкү алгач 10 үйдү баскан. Көчкүнүн сүрүлүү процесси уланып, бүгүнкү күнгө карата 27 үй ылай алдында калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×