Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Бүгүн Аюудагы жер көчкүнүн алдынан эже-сиңдинин денеси табылды

Turmush -  Өзгөндүн Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкүнүн алдынан 2 кыздын денеси табылды. Куткаруучулар аларды бүгүн, 3-майда саат 17:40 чамасында таап чыгышты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алардын бири — 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна, экинчиси — 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна болушу мүмкүн. Тизмедеги маалымат боюнча, кыздар кечээ, 2-майда көчкү алдынан чыгарылган 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич жана 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович менен бир үй-бүлөдөн.

Буга чейин 5 адамдын денеси табылган (жалпы 24 адамдын ичинен 7 дене табылды). Жер көчкүнүн алдында дагы 17 адам бар.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан. Алардын денесин тайлары Жалал-Абаддын Түрк-Абад айылында жерге беришти.

Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал 1-майда айылында акыркы сапарга узатылды.

Ата-бала — 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич менен 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжановичтин денеси 2-майда саат 18:45 жана 19:55 чамасында табылды.

Тема боюнча:

29.04.2017Аюудагы жер көчкү: 24 адамды издөө-куткаруу иштери (фото, видео)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: 2 жана 12 жаштагы кыздардын денеси табылды
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Куткаруучулар 20 жаштагы кыздын денесин табышты
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Г.Назирбаева жерге берилип, 2 жана 12 жаштагы кыздардын сөөгүн тайлары Жалал-Абадга алып кетишти
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Ата-энеси менен көчкү алдында калган эже-сиңди Адина менен Мадинанын сүрөтү
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: А.Камчиев жубайы, 2 уулу, 2 небереси жана келининен айрылды (видео, фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдында калган 17 жаштагы Захит менен Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу (фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү баскандардын эң улуусу — 84 жаштагы Х.Разабаев, анын жубайы жана небереси да каза болду (фото)
02.05.2017Аюудагы көчкү алдында калгандарга жаназа окуу чечимин туугандары чыгарат (фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдындагы 21 адамга жаназа окулду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4334
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×