При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Жалпак-Таштагы жер көчкү жалпы 19 үйдү басып калды (видео)

Turmush -  Өзгөндөгү Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жер көчкүнүн жылуу процесси токтой элек. Бүгүн, 3-майга карата жалпы 19 турак үй көчкү алдында калды. 

Бул үйлөрдүн жашоочулары буга чейинки эскертүүлөрдөн кийин коопсуз жайга көчүп чыгышкан. 

Мурда маалымдалгандай, 30-апрелде жүргөн жер көчкү алгач 10 үйдү баскан. 1-майга караган түнү көчкүнүн алдында дагы 3 турак үй калган. Кечээ, 2-майда 16 үй ылай алдында калганы маалым болгон.

Ошондой эле, жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак жай бар. Андан тышкары, 4 социалдык объектиге (мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке) коркунуч жаралууда.

Айылда турак жайынан ажырагандар үчүн чатырлар тигилди. Өкмөт башчы жана башка жетекчилер жашоочулар менен жолугуп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 812
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×