Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Куткаруучулар Аюудагы жер көчкүнүн алдынан төртүнчү адамдын денесин табышты

Turmush -  Өзгөндүн Аюу айылындагы көчкүнүн алдынан бүгүн, 2-майда саат 18:45 чамасында куткаруучулар тарабынан бир адамдын денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда анын аты-жөнү такталып жатканын билдирди.

Аюу айылында жер көчкү алдындагы 21 адамга бүгүн, 2-майда жаназа окулган. Учурда көчкү алдында дагы 20 адам бар. Буга чейин 3 адам табылып, акыркы сапарга узатылган.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси

30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан. Алардын денесин тайлары Жалал-Абаддын Түрк-Абад айылында жерге беришти.
Ошол эле күнү куткаруучулар саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал кечээ, 1-майда айылында акыркы сапарга узатылды.
Жер көчкүнүн астында калгандардын эң улуусу — 84 жаштагы Хабибила Разабаев. Ал 75 жаштагы жубайы жана небереси менен кошо ылай алдында калышты. Коңшулары Х.Разабаевдин 17 жаштагы небереси Захит Хабибиллаев аларга учурашуу үчүн келгенин айтышты.
Ага чейин белгилүү болгондой, көчкүнүн астында калган Хабибиллаев Захит менен Ибрагим уулу Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу. 2000-жылы туулган өспүрүмдөр 10-класста билим алып жатышкан.
Бир үйдөн жалгыз тирүү калган Артыкбай Камчиев үй-бүлөсүндөгү 6 адамдан ажырады. Анын жубайы Рахима, 4 жаштагы небереси Хилола, 2003-жылы туулган уулу Ориф, 29 жаштагы уулу Фаруг, келини Хамдона жана бир жаштагы небереси Ситора көчкү астында калган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×