Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдындагы 21 адамга жаназа окулду

Turmush -  Өзгөндүн Аюу айылында жер көчкү астында калган 21 адамга бүгүн, 2-майда жаназа окулду. Жаназаны Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек ажы Орунбаев окуп, иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Оштогу 7 райондун акимдери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Аюу айылындагы тургундардан кабар алып, жер көчкүдөн көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатва менен тааныштырышкан эле.

Муфтияттын билдирүүсүндө: «Дин аалымдары "жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап, анын алдында калган сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот. Дене кайсыл жерде калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот" деген далилдердин негизинде фатва чыгарышты. Аны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты», - деп айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы куткаруучулар иштеп жатканын, издөө иштерин токтотуу тууралуу расмий буйрук жок экенин билдирди. Ал эми, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсү боюнча, көчкү алдында калгандардын айрым жакындарынын талабы менен издөө иштери улантылып жатат.

Аюу айылынын кечээ, 1-майдагы көрүнүшү

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси

Куткаруучулар 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан. Алардын денесин тайлары Жалал-Абаддын Түрк-Абад айылында жерге беришти.
Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал кечээ, 1-майда айылында акыркы сапарга узатылды.
Жер көчкүнүн астында калгандардын эң улуусу — 84 жаштагы Хабибила Разабаев. Ал 75 жаштагы жубайы жана небереси менен кошо ылай алдында калышты. Коңшулары Х.Разабаевдин 17 жаштагы небереси Захит Хабибиллаев аларга учурашуу үчүн келгенин айтышты.
Ага чейин белгилүү болгондой, көчкүнүн астында калган Хабибиллаев Захит менен Ибрагим уулу Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу. 2000-жылы туулган өспүрүмдөр 10-класста билим алып жатышкан.
Бир үйдөн жалгыз тирүү калган Артыкбай Камчиев үй-бүлөсүндөгү 6 адамдан ажырады. Анын жубайы Рахима, 4 жаштагы небереси Хилола, 2003-жылы туулган уулу Ориф, 29 жаштагы уулу Фаруг, келини Хамдона жана бир жаштагы небереси Ситора көчкү астында калган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6761
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×