Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Аюудагы жер көчкү: Көчкү баскандардын эң улуусу — 84 жаштагы Х.Разабаев, анын жубайы жана небереси да каза болду (фото)

Turmush -  Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калгандардын эң улуусу — 84 жаштагы Хабибила Разабаев. Ал 75 жаштагы жубайы жана небереси менен кошо ылай алдында калышты. Азырынча алардын денеси табыла элек, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Коңшулары Х.Разабаевдин 17 жаштагы небереси Захит аларга учурашуу үчүн келгенин айтышты. 

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.
Учурда 400гө жакын адамдын катышуусунда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси

Куткаруучулар азырынча 3 кыздын денесин табышты. 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан.
Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал кечээ, 1-майда айылында жерге берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1045
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×