При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдында калган 17 жаштагы Захит менен Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калган Хабибиллаев Захит менен Ибрагим уулу Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу. Бул тууралуу жергиликтүүлөр кабарлашты.

Алардын айтымында, 2000-жылы туулган өспүрүмдөр 10-класста билим алып жатышкан. Алардын денелери азырынча табыла элек.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар. Учурда 400гө жакын адамдын катышуусунда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси

Куткаруучулар азырынча 3 кыздын денесин табышты. 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан.
Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан.
Көчкүдөн кийин айылда ӨКМ тарабынан чатырлар орнотулган.
Тема боюнча:

29.04.2017Фото — Өзгөндө жер көчкүнүн астында 24 адам калды
29.04.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкүнүн алдында калгандардын невроз жана инсульт менен жабыркаган жакындары ооруканага жаткырылды
29.04.2017Аюудагы жер көчкү: 24 адамды издөө-куткаруу иштери (фото, видео)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү алдындагы 24 адамды издөөгө 400 киши тартылды (фото)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: Мөндүргө байланыштуу көчкү алдындагы 24 адамды издөө иштери убактылуу токтотулду (фото)
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: 2 жана 12 жаштагы кыздардын денеси табылды
30.04.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Куткаруучулар 20 жаштагы кыздын денесин табышты
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Г.Назирбаева жерге берилип, 2 жана 12 жаштагы кыздардын сөөгүн тайлары Жалал-Абадга алып кетишти
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: Ата-энеси менен көчкү алдында калган эже-сиңди Адина менен Мадинанын сүрөтү
01.05.2017Аюудагы жер көчкү: А.Камчиев жубайы, 2 уулу, 2 небереси жана келининен айрылды (видео, фото)
02.05.2017Аюудагы жер көчкү: Көчкү баскандардын эң улуусу — 84 жаштагы Х.Разабаев, анын жубайы жана небереси да каза болду (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6233
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу