Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Аюудагы жер көчкү: А.Камчиев жубайы, 2 уулу, 2 небереси жана келининен айрылды (видео, фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен Артыкбай Камчиев үй-бүлөсүндөгү 6 адамдан ажырады. Анын жубайы Рахима, 4 жаштагы небереси Хилола, 2003-жылы туулган уулу Ориф, 29 жаштагы уулу Фаруг, келини Хамдона жана бир жаштагы небереси Ситора көчкү астында калган. Азырынча алардын денеси табыла элек.

«Дүйнө жүзүндө мындай кырсык болбосун. Ушул жерге келип жардам берип жаткан кыргыз элине, ӨКМ кызматкерлерине, аскерлерге ыраазычылыгымды билдирем. Менин аялым, эки балам, келиним, эки неберем көчкү астында калды. Көчкүнүн келгенин билбей калдык», - деди А.Камчиев.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

Бүгүн, 1-майда 400гө жакын адамдын катышуусунда издөө-куткаруу иштери улантылды.
Азырынча көчкүнүн алдынан 3 кыздын денеси табылды. Кечээ, 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан бир тууган кыздар — 2005-жылы туулган Адина Маманова менен 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Аларды тайлары Жалал-Абад облусунун Түрк-Абад айылына жерге берүү үчүн алып кетишкен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан.
Куткаруучулар кечээ саат 17:40 чамасында 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаеванын денесин таап, бүгүн айылында акыркы сапарга узатылды.
Аюу айылынын бүгүнкү көрүнүшү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×