При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Курбу-Таш айылында 13 үйдү баскан жер көчкү дагы 62 турак жайга коркунуч жаратууда (фото, видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылында 13 үйдү басып калган жер көчкү дагы 62 турак жайга кооптуу абал жаратып жатат.  Кечээ, 30-апрелде жүргөн жер көчкү алгач 10 үйдү баскан. Бүгүн, түнү көчкүнүн алдында дагы 3 турак үй калды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-майда Жалпак-Таш айылына, ошондой эле Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы жер көчкү түшүү коркунучу бар Көлмө айылына барды. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев маалымдагандай, Жалпак-Ташта 15 чатыр орнотулуп, медициналык пункт иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев маалымат берип, азыркы учурда 62 үй кооптуу жайда жайгашканын билдирди. Ошондой эле төрт социалдык объект: мектеп, бала бакча, мечит жана ФАПтын имараттары коркунуч астында турат.

Ал эми, Шагым айылынын Көлмө тилкесинде топтолгон суудан улам көчкү жүрүү коркунучу пайда болгон. Учурда айыл өкмөт жергиликтүү тургундар менен биргеликте көлмөдө чогулган сууну чыгаруу үчүн түтүктөрдү коюу иштерин жүргүзүп жатат.

13 үйдү басып калган жер көчкү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1583
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:26,   22.06.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×