При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Аюудагы жер көчкү: Ата-энеси менен көчкү алдында калган эже-сиңди Адина менен Мадинанын сүрөтү

Turmush -  Зергердин Аюу айылында көчкүнүн алдында калган 21 адамдын денесин издөө иштери улантылып жатат. Көчкүнүн алдынан табылган 2, 12 жана 20 жаштардагы кыздардын денеси жерге берилди.

Кечээ, 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан бир тууган кыздар — 2005-жылы туулган Адина Маманова менен 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Аларды тайлары Жалал-Абад облусунун Түрк-Абад айылына жерге берүү үчүн алып кетишкен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан.

Куткаруучулар кечээ саат 17:40 чамасында 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаеванын денесин таап, бүгүн айылында акыркы сапарга узатылды.

Айылда 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

Учурда 400гө жакын адамдын катышуусунда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат. Жашоочулар үчүн ӨКМ тарабынан чатырлар орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17779
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×