Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.04.2017 10:58

Жалпак-Ташта көчкү басып калган үйлөрдүн тургундары чатырга киргизилди (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкү басып калган үйлөрдүн тургундары үчүн чатырлар тигилди. ӨКМдин адистери 5 орундуу 6 даана чатыр тигип, турак жайсыз калган 6 үй-бүлөнү жайгаштырды. Буга чейин 6 турак жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жалпак-Таш айыл аймагындагы Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесинде 15-апрелде саат 10:00дөн баштап болжол менен 900 миң метр куб көчкү колоттун ичи менен 3-4 чакырым аралыкка жылган. Көчкү 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калып, толук бүтө элек үйгө 10 метр жетпей токтогон. Көчкүдөн Куршаб—Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымы убактылуу жабылган.

Кечээ, 17-апрелде чатырларга электр энергия тартылды. Учурда Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесине баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.

Видео - Жалпак-Ташта дагы жер көчкү жүрүп, жолду жаап калды

Ошондой эле, 15-апрелге караган түнү саат 24:00 чамасында Өзгөндүн Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай тилкесинде узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21 миң метр куб болгон жер көчкү жүргөн. Буга чейин кооптуу деп эсептелбеген жерден жүргөн көчкү бир турак жайды басып калган. Үйдүн ичинде 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымов болгон. Кошуналарынын айтымында, ал үйүндө жалгыз жашачу. Анын денеси 16-апрелде эртең менен табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×