Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2017 09:50

Видео - Өзгөндө жер көчкү басып калган 56 жаштагы С.Касымовдун денеси табылды

Turmush -  Өзгөндөгү Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай тилкесинде көчкү басып калган үйдөгү жашоочунун денеси табылды.

ӨКМ билдиргендей, бүгүн, 16-апрелде эртең менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин жетекчилиги менен издөө-куткаруу иштери улантылды. Ага өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан керектүү техникалар, РИИБден 10 кызматкер, куткаруу отрядынан 36 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кечээ, 15-апрелге караган түнү саат 24:00 чамасында Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай тилкесинде узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21 миң метр куб болгон жер көчкү жүргөн. Буга чейин кооптуу деп эсептелбеген жерден жүргөн көчкү бир турак жайды басып калган. Үйдүн ичинде 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымов болгону болжолдонуп жатат. Кошуналарынын айтымында, ал үйүндө жалгыз жашачу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×