Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2017 01:39

Видео - Жалпак-Ташта дагы жер көчкү жүрүп, жолду жаап калды

Turmush -  15-апрелде Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Кысык-Алма айылында дагы жер көчкү жүрдү.

ӨКМ билдиргендей, саат 12:00 чамасында Чырмаш тилкесинде 3 миң метр аралыктагы колоттун жогору жагынан жер көчкү активдешип, турак үйлөрдү көздөй жыла баштаган. Суюк көчкүнүн көлөмү болжол менен 500 миң метр кубду түзөт. Адамдар жабыркаган жок.

Көчкү бир турак үйдүн сарайын басып, Куршаб – Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымын тосуп калган. Андан улам жолдо каттам жабылды. Бул аймактагы үйлөрдүн жашоочулары көчүрүлдү. Азырынча жер көчкү суюк болгондуктан тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес.

15-апрелге караган түнү саат 24:00 чамасында райондогу Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай тилкесинде узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21 миң метр куб болгон жер көчкү жүргөн. Буга чейин кооптуу деп эсептелбеген жерден жүргөн көчкү бир турак жайды басып калган. Үйдүн ичинде 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымов болгону болжолдонуп жатат. Кошуналарынын айтымында, ал үйүндө жалгыз жашачу. Азырынча анын денеси табыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×