Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.04.2017 10:47

Фото - Өзгөндүн Шамал-Терек айылындагы турак үйдү жер көчкү басып калды

Turmush -  Бүгүн, 15-апрелге караган түнү Өзгөн районунун Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесинде жер көчкү жүрүп, бир турак жайды басып калды. Алдын ала маалымат боюнча, саат 24:00 чамасында көчкү түшкөн жер кооптуу аймак деп табылган эмес.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көчкүнүн алдында калган үйдө Сүйүнбек Касымов жалгыз жашачу.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы жана Өзгөн райондук өрт куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу саат 00:54тө жөнөтүлгөн. Ошондой эле, саат 02:55те өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 35 куткаруу чыгып кетишкен.

Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×