Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 13.04.2017 15:22 На русском

Өзгөндөгү «Жыл мугалими-2017» сынагында Ж.Көчкөнбаева жеңүүчү болду

Turmush -  Өзгөндө «Жыл мугалими-2017» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Анын алкагында К.Рысбаев атындагы орто мектебинин жана М.Разаков атындагы мектеп-интернаттын мугалимдери күч сынашты, деп маалымдалды райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Сынактын райондук этабына 3 аймактан алдыңкы орундарды ээлеген 9 мугалим катышып, өз чеберчиликтерин, таланттарын көрсөтүштү. Быйыл мурунку жылдардан айырмаланып тесттеги, тез ойлоп тапкычтык жөндөмдү баалоо боюнча суроолор компьютер аркылуу берилди. Ар бир катышуучу канчалык деңгээлде туура жооп бергенин дароо көрүп, ачык-айкын өттү.  

Жыйынтыгында Т.Асранов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Көчкөнбаева Жумагүл 1-орунга, К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Апарханов Медербек 2-орунга, К.Рысбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Жаныбекова Толгонай 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Дүйшеев грамоталарды жана белектерди тапшырды.

41

42

43

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×