Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.04.2017 11:41

Фото - Ийри-Суудагы жер көчкү 250 үй-бүлөгө баруучу жолду жаап калды

Turmush -   Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Жаңгакты айылынын Токто тилкесине эки жолу жер көчкү түштү. Анын кесепетинен 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жол жабылып калды. Адамдар жабыркаган жок.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, аталган аймакка 8-апрелде саат 05:00 чамасында 22 миң 400 метр куб жер көчкү түшкөн. 9-апрелде дагы эртең менен аталган тилкеде кайрадан узуну 800 метр, туурасы 50-100 метр, бийиктиги 10-12 метр жана көлөмү 650 миң метр куб жер көчкү түшкөн.
Бул аймакка ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы барып, абал менен таанышкан.

Айылдагы жашоочуларга убактылуу айланма жол салуу үчүн Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан техника бөлүнүп, тазалоо иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×