Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 05.04.2017 11:31

Өзгөн шаарында жылдын мыкты мугалими тандалды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында кечээ, 4-апрелде «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагында 1-орунду Ч.Айтматов атындагы мектептин мугалими А.Султанова ээледи.

Шаардык билим берүү бөлүмү маалымдагандай, сынакта 2-орунду Курманжан датка орто мектебинин мугалими Т.Турсунбаева жана А.Навои атындагы орто мектептин мугалими Н. Алимова ээлеп, 3-орунга А.Темур атындагы орто мектептин мугалими Б.Мамажанова чыкты. Сынактын шаардык турунда биринчи болгон мугалим эми облустук турда күч сынашат.

Аталган сынакка 7 мектептен тандалган орус тилин, математика, англис, кыргыз жана өзбек тилдерин окуткан мугалимдер катышты. Анын алкагында катышуучулар интерактивдүү такта пайдаланып, 1 саат сабак өтүштү. Сабак учурунда пайдаланылган окуу куралдары көргөзмөгө коюлуп, сынактын шарты менен өзүн тааныштыруу, саламдашуу тапшырмаларынын аткарылышы, мугалимдин өмүрү, алган сыйлыктары эске алынды. Ошондой эле, суроо-жооп бөлүгүндө билим берүү тармагына тиешелүү суроолор берилди. Ал эми, эркин тема бөлүгүндө мугалимдер өздөрү жазган көркөм ырларды окуп, кол өнөрчүлүгү менен тааныштырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×