Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 03.04.2017 10:57

Айылдык окуучу физика сабагынан олимпиаданын республикалык турунда биринчи болуп, министрден сыйлык алды (фото)

Turmush -  25-26-март күндөрү өткөн предметтик олимпиаданын республикалык турунда Өзгөн районундагы мектептин 10-классынын окуучусу Садырбай Жумадилов физика сабагынан 1-орунду ээледи.

Райондук билим берүү бөлүмү маалымдагандай, С.Жумадилов Мырза-Аке айыл аймагындагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу. Бул жеңиш үчүн ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 8 миң сом акчалай сыйлык жана атайын сертификат менен сыйланды.

Бул жылы олимпиаданын Ош облустук турунан өзгөндүк 6 окуучу алдыңкы орунга ээ болгон. Алардын ичинен республикалык турдан К.Кедибаев атындагы орто мектебинин окуучусу Муратбек кызы Элиза (биология сабагынан) жана Орозбек кызы Акмаанай (кыргыз тили жана адабияты)  4-5-орундарды ээлешти. Алар дагы министрликтин атайын сертификаттарына ээ болушту.

Физик

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×