Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.03.2017 14:32

Өзгөндөгү жер көчкү: Көчкүнүн алдында калган үйдөн үчүнчү адамдын денеси табылды

Turmush -  Өзгөндөгү Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында 26-марттагы жер көчкүнүн алдында калган үчүнчү адамдын сөөгү табылды. Денени издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулар бүгүн, 31-мартта саат 13:40 чамасында алып чыгышты, деп билдирди ӨКМ. Учурда маркумдун өздүгү такталып жатат.

Буга чейин көчкүнүн алдынан 29-март күнү 2 жаш баланын: 2010-жылы туулган Амиракулова Аксана жана 2015-жылы туулган Амиракулова Раянанын денеси табылган.

Топ-Жаңгак тилкесинде 26-мартта таңга маал жүргөн жер көчкү турак үйдү жашоочулары менен: үйдүн ээсин, аялын жана алардын 4 баласын басып калган.

Көчкүнүн алдында калгандардын тизмеси:

1. 1988-жылы туулган Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович (үй ээси);

2. 1989-жылы туулган Сулайманова Гүлайым (аялы);

3. 2010-жылы туулган Амиракулова Аксана (кызы);

4. 2011-жылы туулган Амиракулова Айгерим (кызы);

5. 2013-жылы туулган Амиракулов Жыргал (уулу);

6. 2015-жылы туулган Амиракулова Раяна (кызы).

Жер көчкүнүн алдында калгандардын арбагына багыштап айылда 29-март күнү куран окутушту.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, көчкүнүн алдында калган Эгемкулов Өмүрзактын атасы Эгемкулов Амиракулдун турак үйү жайгашкан жер 1996-жылы ӨКМ тарабынан жер көчкү коркунучу бар тилке деп табылып, тез арада коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгы келип чыккан. Ошондой эле, жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүрүлүүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилип, ссуда берилген. Кооптуу аймактагы үй бузулуп, Ничке-Сай суусунун оң жээгине жаңы турак үй куруп көчүп кетишкен.

Ал эми, 26-марттагы көчкүдөн каза болгон Ө.Эгемкулов атасынын эски үйүнүн ордуна 2013-жылы 2 бөлмөлүү үй куруп, үй-бүлөсү менен жашап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×