Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 29.03.2017 11:11

Өзгөндө 267 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартууда

Turmush -  Өзгөн районунда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 267ге жетти. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, түшүндүрүү иштерине карабастан эл ичинде эмдөөдөн баш тарткандар саны жылдан жылга өсүүдө.

«Баш тарткандардын ичинен Мырзаке айылында 3 адам, Куршаб айылында 28 жана Өзгөн шаарында 236 жашоочу бар. Эмдөөдөн баш тарткандар интернеттен көргөн тасмаларга жана маалыматтарга таянышат. Алардын арызын карап чыгып, каттоого алып коёбуз. Эмдөөдөн баш тарткандардын үстүнөн Өзгөн райондук прокуратурасына кайрылуу жаздык. Учурда аймактарда жашоочулардын медициналык картасын карап, текшерүүлөр болуп жатат», - деди Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иммунология боюнча башкы адиси Жамила Баетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×