Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.03.2017 10:52

Өзгөндөгү жер көчкү 6 адамды — күйөөсүн, аялын жана 4 баласын басып калды

Turmush -  Өзгөндүн Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак тилкесинде жүргөн жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкүнүн кесепетинен үйдүн ээси, аялы жана 4 баласы каза болгону болжолдонууда. Учурда турак үй толугу менен көчкүнүн алдында, андагы жашоочулар табыла элек.

Жер көчкү бүгүн, 26-мартта саат 07:00 чамасында жүргөнү маалымдалган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Д.Каримов жана Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы А.Козубаев, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 35 куткаруучусу жана Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун кызматкерлери жөнөтүлдү. Ошондой эле, дарыгерлер жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү бар.

Өзгөн карта

Алдын ала маалымат боюнча, жер көчкүнүн узундугу 800 метр, бийиктиги 4-15 метрге жетип, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшкөн. Көчкүнүн алдында калган үй Өмүрбек Эгемкуловго таандык.

Учурда аталган аймакта дагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Көчкү түшкөн адырдын арткы тарабындагы 1 турак жайдын жашоочуларын коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак тилкесине чейинки аралык 31 чакырымды түзөт. Анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан адамдар жөө же атчан катташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×