Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.03.2017 08:52 На русском

Фото - Куршабдагы сарайга чагылган түшүп, 30 кой жана уй күйүп кетти

Turmush -  Чагылгандан Өзгөндүн Куршаб айыл аймагындагы Шагым айылында жайгашкан сарай өрттөнүп, ичиндеги мал-жандыктар күйүп кетти.

ӨКМ билдиргендей, чагылган Авазов көчөсүндөгү сарайга 18-март күнү саат 21:08 чамасында түшкөн. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 130 чарчы метр мал сарайдын чатыры, 200 түк чөп, 1 баш уй, 30 баш кой күйгөн. Адамдар жабыр тарткан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×