Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 14.03.2017 17:44

Өзгөн районунун акими алмашты

Turmush -  Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Осмоналиев Олжобай Балтабаевич дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. О.Осмоналиев бүгүн, 14-марттан тарта кызматка киришти.

О.Осмоналиев

АКИМ

Өкмөт башчынын башка буйругу менен Тажибаев Аттокур Тургунбаевич Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен арыз жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×