Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 11.03.2017 11:50

Айыл турмушу: Өзгөндүк чебер М.Исакова өзү жашаган көчөдөгү аялдарга иш орундардын түздү (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын 65 жаштагы тургуну Махфуратхан Исакова 19 жылдан бери чеберчилик менен алектенип, өзү жашаган көчөдөгү аялдарга иш орундарын түздү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Өзгөн шаарында өскөн. 1984-жылы Фергана политехникумунун тигүүчүлүк факультетин аяктаган. Аялдардын коомдук турмуштагы ролун көтөрүүдөгү, маданий, социалдык- экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Өзгөн районунун жетекчилиги тарабынан бир топ сыйлыктар менен сыйланган.

«Төшөк тигип, базарга өткөрүп беребиз. Өзгөн шаарында төшөктөрдүн баасы 750 сомдон баштап, 1300 сомдун тегерегинде. Баасы төшөктүн түрү жана көлөмүнө, ага сарпталган керектелүүчү материалдарга карап белгиленет. Төшөк турмушубузда эң керектелүүчү буюм болгондуктан, бул өнөр ата-бабалардан калган мурас», - деди ал.

Чебер айым жолдошу менен баш кошконуна 46 жыл болду. Экөөнүн 1 баласы жана 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×