Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 07.03.2017 11:19

Фото - Өзгөндөгү Өстүрүү айылында жер сүрүлүп, жаракалар пайда болду

Turmush -  Өзгөн районундагы Чаңгет айыл аймагынын Өстүрүү айылындагы жерде жаракалар пайда болду. ӨКМ билдиргендей, кечээ, 6-мартта саат 08:00 чамасында Шоро жана Допу тилкелеринин жогору жагында жер сүрүлүп жатканы байкалган.

Андан улам ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы полковник К.Абылов, Мониторинг департаментинин бөлүм башчысы А.Козибаев жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы Допу тилкесине барып, жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой, сүрүлүп жаткан жердин тушунда 2 турак үй бар. Ал үйлөрдүн жашоочулары коопсуздук үчүн туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү.

Ал эми, Шоро тилкесинде сүрүлүп, жаңы жарака пайда болгон жер 30 см чейин чөгүп, 50 см аралыкка чейин жылган. Көчкүнүн жанында жашаган 10 үй-бүлөнүн алтоо ушул жылдын 18-февралынан бери туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×