Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуӨзгөн району 30.01.2017 18:19 На русском

Өзгөнбай Эсенбаев 3-мөөнөткө Өзгөндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 3-ирет Өзгөнбай Эсенбаев шайланды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн башчылыгына 2 талапкер чыккан. 

«Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Айыл өкмөт башчылыгына Бегали Даткаев менен Өзгөнбай Эсенбаев талапкерлигин койду. Жыйынтыгында Өзгөнбай Эсенбаев 21 добуш топтоду. Анын атаандашы бир дагы добушка ээ болгон жок», - деди Н.Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×