Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.01.2017 18:37 На русском

Өзгөндө ата-энесин сабап өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы жигит кармалды (видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылында өгөй ата-энесин өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы жигиттин иши иликтенип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 10-январь күнү болгон. Шектүүнү өгөй ата-энеси 2 жашында багып алышкан.

«Окуя 10-январда болгон. Өз ара чыр чыгып бала өгөй ата-энесин уруп өлтүргөн. Кылмышты жашырып, качып бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап келишти. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 63 жаштагы атасы менен 56 жаштагы энесин кумган менен башка уруп өлтүрүп койгон», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү бала 2 айга камакка алынып, тергөө уланууда.

Видео - «Ош пирим»

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×